Пт. Фев 20th, 2026

21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУ нун медициналык колледжинин китепканасында 21- февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Эне тил- улуттун жүрөгү” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго колледждин окутуучулары, китепканачылар жана студенттер активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө эне тилдин мааниси, тарыхы жана келечеги тууралуу баяндамалар жасалды.

Иш чаранын негизги максаты студенттердин эне тилге болгон урмат-сыйын арттыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды жана тил маданиятын көтөрүү болду.

Студенттер тарабынан макал-лакаптар айтылып, көркөм окуулар окулду, манастан үзүндүлөр айтылды.  Иш чара жандуу талкуу менен коштолуп, активдүү студенттерге ыраазычылык билдирилди жана белектер берилди. Жыйынтыгында, мындай маданий-тарбиялык иш- чаралар студенттердин патриоттук сезимин ойготууга жана тилге болгон жоопкерчилигин күчөтүүгө чоң салым кошору айтылды.