14-февраль Эл аралык китеп белекке берүү күнү
Бүгүн 14-февраль Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасы университеттин билим берүү жана илимий изилдөө ишмердүүлүгүнүн маанилүү борбору болуп эсептелинет.

ЖАМУнун илимий китепканасынын бөлүмдөрүндө “Китеп – эң баалуу белек” аттуу окурмандар арасында иш чаралар уюштурулду. Иш-чаранын максаты китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө, китепке болгон кызыгууну арттырууга жана коомдун руханий баалуулуктарын бекемдөөгө багытталат.

Иш чарага катышкан окурмандарга китептер белеке берилди. Китеп белек кылуу аркылуу биз билимди жайылтып, руханий баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө салым кошобуз. Ар бир белекке берилген китеп –жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачкан ачкыч.
Бул майрам ар бирибизди китеп окууга, илимге,билим алууга үндөп, жан дүйнөсүн азыктандырууга чакырат.
Китептер ар дайым жан дүйнөбүздү жарык кылсын!
