Пт. Апр 17th, 2026

Тогуз коргоол жана шахмат боюнча иш-чара

           Б.Осмонов  атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин  медициналык  келледжинин  окуу  залында  улуттук  жана  интеллектуалдык  оюндарды  жайылтуу  максатында  тогуз  коргоол  жана  шахмат  боюнча  кызыктуу  иш-чара  өткөрүлдү.  Бул  иш-чарага  студенттер  жана  китепканачылар  активдүү  катышып,  өздөрүнүн  логикалык  ой  жүгүртүүсүн,  стратегиялык  тандоо  жөндөмдөрүн  жана  сабырдуулугун  көрсөтө  алышты.  Иш-чаранын  жүрүшүндө  катышуучулар  эки  багытта-тогуз  коргоол  жана  шахмат  боюнча  өз  ара  мелдешке  түшүштү.  Иш-чаранын  жыйынтыгында  мыкты  оюн  көрсөткөн  катышуучулар  белгиленип,  аларга  сыйлыктар  тапшырылды.  Жыйынтыгында  мындай  иш-чараларды  мындан  ары  да  үзгүлтүксүз  уюштуруу  зарылдыгы  белгиленип,  катышуучулар  тарабынан  жылуу  пикирлер  айтылды. 

        

14.04.2026-ж