Чынгыз Айтматов- Кыргыз рухунун ааламдык бийиктиги
2026-жылдын 24-сентябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Англис тили жана адабияты кафедрасынын English Drama Club ийриминин жетекчиси Насиба Жумабекова жана илимий китепкананын кызматкерлери тарабынан «Чыңгыз Айтматов — кыргыз рухунун ааламдык бийиктиги» аттуу маданий-адабият кечеси өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №460-т тескемесин ишке ашыруу максатында уюштурулуп, анда студенттер залкар жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу презентацияларды көрсөтүп, чыгармаларындагы адамзаттык жана руханий баалуулуктарды чагылдырышты. Илимий китепкана тарабынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан жана ал тууралуу басылмалардан турган «Айтматов ааламы- түбөлүктүү мурас» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.


