«Хунну доору жана Кыргыз этногенези: Атилланын дүйнөлүк тарыхтагы орду»
2026-жылдын 21-октябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында «Хунну доору жана кыргыз этногенези: Атилланын дүйнөлүк тарыхтагы орду» аттуу эл аралык конференция болуп өттү.
Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Венгрия жана Россия Федерациясынан келген окумуштуулар катышып, хунну доорунун тарыхы, кыргыз элинин этногенези жана Атилланын дүйнөлүк тарыхтагы орду боюнча илимий баяндамаларын сунушташты.
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий китепканасынын кызматкерлери тарабынан «Атилла жана хунну мурасы» китеп көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөгө хунну дооруна, кыргыз элинин тарыхына, этногенезине жана Атилланын өмүрү менен тарыхый ишмердүүлүгүнө арналган китептер жана илимий басылмалар коюлду.
Бул иш-чара тарыхый мурастарды даңазалоого, улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө жана илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталды.

