Пн. Дек 4th, 2023

  Тилим бар –дилим бар !!!

   2023-жылдын 29-сентябрында, Табигий — техникалык факультетинин корпусунун фойесинде, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин   Табигий — техникалык факультетинин окутуучулары, студенттери жана китепканачылар менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына жана  ЖАМУнун “Жүз жылдыкка — жүз иш чара” долбоорунун алкагында  “Тилим бар — дилим бар” аттуу адабий кече болуп өттү.

Кечеге  университеттин мамлекеттик жана тил саясаты бөлүмунун башчысы ф.и.д.профессор  К.Калчакеев, Табигий техникалык факультетинин окутуучулары,  1 – курсунун студенттери, китепкана кызматкерлери катышышты.

Кечеде, кыргыздын каада — салттарын жана унутулуп калган кыргыздын сөздөрүн сахналаштыруу аркылуу көрсөтүп беришти.

Илимий китепкананын кызматкерлери тарабынан, университеттин профессордук- окутуучулар курамынын кыргыз тилинде жазылган эмгектеринен, “Улуттун түбөлүктүүлүгү  тилинде” деген китеп көргөзмөсүн  уюштурушту.