Чт. Апр 25th, 2024

Социалдык иш багыты боюнча негизги билим берүү программасы (НББП)

2023-жылдын 14-мартында, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын электрондук документациялар залында , Экономикалык – юридикалык факультетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын  Социалдык иш багыты боюнча негизги билим берүү программасын (НББП) жана жалпы жумушчу программаларын иш берүүчүлөр менен талкуулоого арналган конференция болуп өттү.

Конференцияга профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын жалпы жамааты жана Жалал-Абад шаардык, райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчылары катышышты.

Конференцияда иш берүүчүлөр менен адис даярдоочу тараптардын талаптары, кызыкчылыктары суроо-жооп менен талкууланып, программаларды жакшыртуу үчүн иш берүүчүлөр сунуштарын беришти.