Чыңгыз Айтматов – ааламдык ойчул жана публицист
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын ТТФнын корпусундагы окуу залында, 12 –декабрь кыргыз адабиятынын күнүнө жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “ Чыңгыз Айтматов- ааламдык ойчул жана публицист” деген темада медицина факультетинин ЛДк- 1-22 тайпасынын студенттери, китепкана кызматкерлери менен биргеликте китеп окурмандардын конференциясы өткөрүлдү.
Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Ашимбаева Г. өз сөзүндө Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, коомдук саясий ишмердүүлүгү , өз учурунун илимдүү, өлкөнүн мамлекет болуп калыптанышына зор салымын кошкон Төрөкул Айтматовдун үй бүлөсүндө жарык дүйнөго келгенин айтып, студенттерге кеңири маалымат берди .
“ Чыңыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы”, ” Манас жана Айтматов”, “Чыңгыз Айтматов жана кино “, “Чыңыз Айтматовдун учкул сөздөрү “ деген темада студенттер баяндама окушту.
Студенттер Ч. Айтматовго арналган кыргыз акындарынын ыр саптарынан окуп беришти.
“Чыңгыз Айтматов – ааламдык ойчул жана публицист” деген аталышта китеп көргөзмөсү уюштурулду.