Чт. Апр 25th, 2024

«Азаттык »  радиосу  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2022 –жылдын 6-сентябрында Эркин Европа / «Азаттык» радиосунун Прагадагы

Борбор Азия  боюнча башкы редактору Венера Сагындык кызы, «Азаттыктын» Жалал-Абад, Ош аймагынын өкүлдөрү Бакиев Талгат, Абидинова Альмира университеттин окуу-илимий китепкана – маалымат борборунда (илимий китепкана ) болушту

Китепканадагы Азамат Алтай клубу жана фонду менен таанышышты. Китепкана кызматкерлери менен кызуу маектешуу менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда Эркин Европа / «Азаттык» радиосунун Прагадагы Борбор Азия  боюнча башкы редактору Венера Сагындык кызы:

  1. Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) чогулткан адабий – популярдуу басылмалардын топтомун мукабалап, тыкан, таза сактап келе жаткан ЖАМУнун китепкана кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик, ден соолук каалап, китепкананын каалоо, тилек жана сунуштар китепчесине кол жазмасын калтырды.
  2. Китепкананын фондуна 13.09. 2013-жылы Эл аралык “Азамат Алтай” коомдук фондунун президенти, Азамат Алтайдын бир тууган жээни Тойчубек Турганбаев жана фонддун демилгечиси спорт комментатор Кабыл Макешов белекке берген “Азамат Алтай (1920 – 2006):  Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына  арналган жыйнак): Б.: – 2010. – 320 беттен турган китептнн редактору экендигин билдирди.
  3. Азамат Алтайдын 100 жылдыгы 2020-жылы Америкада кыргыз диаспорасы тарабынан белгиленгенине токтолуп, “Азаттык” радиосунун 70 жылдыгына карата ЖАМУнун китепканасындагы Азамат Алтайдын фонду жөнүндө видеоматериал тартып  кетерин билдирди.