Пн. Апр 29th, 2024

    Китепканадагы  адабий кече !!!

2024-жылдын 4-апрелинде, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин  илимий  китепканасынын окуу залында, 2-апрель – Эл аралык балдар адабиятынын күнүнө карата  илимий китепкана кызматкерлери менен,  Жалал-Абад колледжинин (ЖАК) АТк-4-23 тайпасынын студенттери менен биргеликте  (куратору Жапарова Жылдыз) “Китеп жан дүйнө азыгы”  аттуу адабий кече өткөрүштү.

Адабий кеченин катыщуучулары:

  • Жалал-Абад колледжинин (ЖАК) АТк-4-23 тайпасынын студенттери, окутуучулары;
  • Филология факультетинин (ФФ) орус тили , Педагогика факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедраларынын окутуучулары жана студенттери;
  • Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү Аль-Фауз менчик мектебинин  окуучулары, мугалимдери.;
  • ЖАМУнун илимий китепканасынын кызматкерлери

Кечеде:

Китепканачы Айдарова Үмүт  илимий китепкананын  фондундагы балдар  адабияттары боюнча кеңири  баяндама  жасады.

Орус тили, педагогика психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары, студенттери жана Аль-Фауз менчик мектебинин окуучулары  катышышты.

Жалал-Абад колледжинин  (ЖАК) АТк-4-23 тайпасынын студенттери “Чыпалак кыз” жомогунан куурчак театр көргөзүшүп, китеп жөнүндө слайддарды тартуулашып, китеп жөнүндө учкул сөздөрдү айтышты.

Орус тили кафедрасынын башчысы,  доцент Жусупова А. А. окуучулар арасында  кызыктуу викторина өткөрүп жагымдуу маанай тартуулады.

Китепканачылар “Китеп жан дүйнө азыгы” аттуу темада балдар адабияты  боюнча   китеп көргөзмөсүн уюштурушту.

Литературный вечер в библиотеке !!!

4 апреля 2024 года, в читальном зале научной  библиотеки ЖАГУ им. Б. Осмонова проведена  литературный вечер «Книга – духовный мир человека», посвященный ко 2-апрелю – Международному дню Детской книги

В вечере приняли участие:

  • Преподаватели, студенты кафедры русского языка, педагогики, психологии и технологий обучения;
  • Ученики и учителя частной школы «Аль-Фауз» Барпинского айыльского округа Сузакского района;
  • Сотрудники научной  библиотеки ЖАГУ им. Б. Осмонова

Библиотекарь Айдаров Үмүт  сделала  литературный  обзор по детской литературе  научного фонда  библиотеки университета

Студенты гр. АТК-4-23 Жалал-Абадского  колледжа продемонстрировали  и исполнили кукольный  номер по сказке “Дюймовочка”, представили слайды и выступили с интересными  фразами и высказываниями  о книге.

Зав. кафедрой русского языка филологического факультета , доцент Жусупова А.А. провела среди студентов  викторину о книгах, создала приятную атмосферу среди  участников  литературного вечера.

Сотрудники  научной библиотеки университета  организовали книжную выставку «Книга – духовный мир человека», посвященный  к Международному  дню детской книги.