Пт. Мар 1st, 2024

                                            Чыңгыз Айтматовго 95 жыл !

2023- жылдын 6- декабрында, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетиндеги  илимий китепкананын окуу залында “Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары”  кафедрасы, илимий китепкана кызматкерлери биргеликте,    12 — декабрь  “ Улуттук адабият күнүнө ” жана “ Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына ” карата иш чара өткөрүштү.

Иш чарага: китепкана кызматкерлери, университеттин  кыргыз тили боюнча адиси, профессор

К.Б. Калчакеев, педагогика факультетинин кафедра башчылары, ага окутуучулары жана студенттер катышышты.

Студенттер тарабынан Ч. Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган кол менен тартылган сурөттөрүнүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, чыгармаларынан көркөм окушуп, учкул сөздөрүнөн айтып беришти.

Алыкул Осмоновдун чыгармаларынан көркөм окушуп, обондуу ырларынан ырдашты.

Илимий китепкана кызматкерлери тарабынан “Аалам алпы – Айтматов” аталышындагы китеп көргөзмө уюштурулду.

Жыйынтыгында студенттердин эмгектери жана таланттары бааланып I,II,III даражадагы дипломдор берилип, китептер менен сыйланышты.

Илимий китепкананын бардык бөлүмдөрүндө, улуттук  адабият күнүнө жана  Чыңгыз Айтматовдун  95 жылдыгына карата китеп көргөзмөлөрү уюштурулду.

 

                                            

                                                                   95 лет Чингизу Айтматову !

6 декабря 2023 года, в читальном  зале научной библиотеки ЖАГУ им. Б. Осмонова,  кафедрой педагогики, психологии и технологий обучения  ПФ им. Э. Уметова, сотрудниками научной библиотеки было организовано мероприятие, посвященное  к 12 декабрю, к Дню национальной литературы и  95-летию Чингиза Айтматова.

В мероприятии приняли участие:  Ведущий специалист по кыргызскому языку, профессор      К.Б. Калчакеев, сотрудники научной библиотеки, зав. кафедры ПФ, преподаватели и студенты.

Были организованы выставки рисунков, нарисованных студентами по произедениям                    Ч. Айтматова, выразительно читали отрывки из его произведений,   рассказывали лучшие цитаты, афоризмы и высказывания из книг Чингиза Айтматова.

Студенты читали отрывки из стихов, выдающегося  кыргызского поэта Алыкула Осмонова, исполняли  песни , написанные  на его стихи.

По итогам мероприятия лучшим студентам , активно участвующим на мероприятии, были вручены дипломы I, II, III степени, подарены книги.

Сотрудниками  научной  библиотеки организована  книжная выставка “Вселенная Айтматова”.

Во  всех отделах научной библиотеки университета организованы книжные  выставки , посвященные к  Дню национальной  литературы  и 95-летию Чингиза Айтматова.