Пт. Апр 19th, 2024

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Китепкана – маалымат Борбору тарабынан көрүнүктүү манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгын жана 4-декабрь “Манас күнүнө” карата “Манас” жана манасчылык өнөрдүн табияты “ аттуу республикалык илимий – практикалык конференцияга 200 дөн ашык китеп, журнал, газеталардан турган көргөзмө уюштурулду. (сүрөт 1-ПМТФ факультетинин фойесинде китепкана тарабынан уюшулган китеп көргөзмөсү, 2- Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгын арналган ПФ окуу залындагы китеп көргөзмө)

 

Манас жумалыгына жана 4-декабрь 2021-жыл “Манас” күнүнө карата КМБнын АТФ дагы окуу залында Жалал-Абад колледжинин студенттери, окутуучу Раззаков Мазакбай агайдын жетекчилигинде улуттук “Тогуз коргоол” оюну өттү. Окуу залынын китепканачылар тарабынан улуу Манаска арналган китеп көргөзмөсү чыгарылды.