Чт. Май 16th, 2024

БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ!

    Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  илимий китепканасынын окуу залында, 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата, Э.Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин  МЧББ-1-19 тайпасынын студенттери менен биргеликте китепканачы Жусупова Эркинай , китепканачылар жана улук окутуучу Шишкараева Ажар тарабынан “Балдар биздин келечегибиз” деген тегерек стол уюштурулду.

Китепкана кызматкерлери тарабынан балдар күнүнө карата балдар адабияттары  боюнча китеп көргөзмөсү коюлуп, студенттер менен  бала-бакчанын тарбиялануучулар ортосунда сүрөт тартуу боюнча  конкурстар болуп, китепканачы кызматкерлери жаш наристелерге балмуздак  тартуулашты.

МЧББ-1-19 тайпасы студенттери Асакеева Аселя, Тургуналиева Таңшоола, Рустамбек кызы Айденек тарабынан, балдарга арналган ырлар,макал-лакаптар, жомоктордон узүндүлөр  окуп беришти. Илимий китепкананын кызматкерлери менен окутуучу  Ажар Шишкараеванын, 2-апрель – Балдар китебинин эл аралык күнүнө арналган видеотекасы көрсөтүлдү