Пт. Апр 19th, 2024

2023-жылдын 5-апрелинде, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын ТТФ корпусундагы окуу залында, “Китепкөй Жалал-Абад” долбоорунун жетекчилиги астында, Кыргызстандагы  окуу жайлар арасында өтүп жаткан «Достук кербени» аттуу интеллектуалдык оюн медицина факультетинин  студенттери, окутуучулары, китепкана кызматкерлери менен биргеликте 4 командага бөлүнүп өткөрүлдү.

Оюндун ачылышын медицина факультетинин деканы Ш. М. Астанов  ачты.

                            Оюндун максаты:

  • Кыргызстандын тарыхы боюнча салттуу билимдерди тереңдетүү;
  • Кыргыз тилин жана адабиятын өнүктүрүү;
  • Стандарттуу эмес кырдаалдарда болгон билимдерди чыгармачылык менен колдонуу жана калыптандыруу;
  • Коллективдүү интеллектуалдык ишмердүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, университеттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо.

Оюн суроо-жооп иретинде өтүп, оюнга активдүү катышкандарга грамоталар    тапшырылды.