Главная arrow Новости arrow китеп окурмандар конференциясы  
08.07.2020
китеп окурмандар конференциясы

Карысы бардын-ырысы бар

 ЖАМУнун китепкана-маалымат Борборунун кызматкерлери 2018-жылдын 12-0ктябрында “Эл аралык карылар майрамына” карата Жалал-Абад шаарындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жарандар менен жолугушууну уюштурушту.

Университеттин жетекчилиги тарабынан ЖАМУнун китепкана-маалымат Борборунун кызматкерлерине бир улгайган карыядан кабар алуу сунушталган.  Ал, Крылов №29 дарек боюнча жашаган Мусаев Мусахан, 1942-жылы туулган, жалгыз бой жашап келет, Жалал-Абад шаарынын областтык ооруканасында 30 жыл эмгектенген

Жолугушуу учурунда КМБнын башкы китепканачысы жана библиографы Кожоева Ч.Т.  “Карысы бардын-ырысы бар”- демекчи карыларыбыздын ден соолуктары чың, узак өмүр сүрүп, арабызда көп болушу бул биз үчүн абдан керек. Сиздер өз убагында эл-жерибиз үчүн кызмат өтөп келдиңиздер, азыркы күндө өзүңүздөрдүн турмуштук тажрыйбаңыздардан жаштарга кеп- кеңешиңиздерди айтып, туура жолго үндөп келесиздер. Сиздерге колдоо көрсөтүп, жардам берүү, бул биздин бирден-бир милдетибиз болуп саналат” - деп белгиледи.


Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги
китеп окурмандар конференциясы


2015-жылдын 26- февралында, ЖАМУнун АТФнын корпусундагы китепкананын окуу залында Кара - Кыргыз автономиялуу областынын (ККАО) РСФСРдын курамына киргендигинин 90 жылдыгына карата «Кыргыз советтик мамлекетинин түзүлүшү» деген темада, ЖАМУнун китепкана-маалымат борбору тарабынан уюштурулган китеп окурмандар конференциясы болуп өттү.

 

Конференцияга: ЖАМУнун социалдык иштер жана МТ боюнча проректору, Ш.Ш. Нурдинов, ЖАМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы А.Б. Карбекова, ЖАМУнун кесиптик кошундар уюмунун төрагасы Н.Баитова, Китепкана-маалымат борборунун директору Р.Т. Култаева, Табият таануу, гуманитардык экономикалык факультеттин декандары, ДОИнин жана медколледждин директорлору, кафедра башчылары, студенттер, окутуучулар, китепканачылар, бардыгы 165 адам катышты. 

  Конференцияны ЖАМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы А.Б. Карбекова алып барды. 

   Конференцияда: ЖАМУнун социалдык иштер жана МТ боюнча проректору, Ш.Ш. Нурдинов куттуктоо сөз айтуу менен бирге окурмандарга, мамлекетибиздин Кара- Кыргыз Автономиялуу область (ККАО) болуп түзүлүп, РСФСРдын курамына киргендигин белгилеп, ушул мезгилдеги Кыргыз мамлекетинин өз алдынча мамлекет болуп түзүлүшүнө жана өсүп - өнүгүүсүнө өз өмүрлөрүн арнаган инсандар тууралуу айтып берип, жаштарды Кыргыз мамлекетибиздин патриоту болууга, өз эли-журтун, Мекенин сүйүүгө үндөдү. 

      Окурмандар конференциясында 8 баяндама окулуп, баяндамачылар кыргыз советтик мамлекетинин түзүлүшүнө жана өсүп- өнүгүүсүнө өз өмүрлөрүн арнаган инсандар - Жусуп Абдрахманов, Ташмухаммед Кудайберген, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Осмонаалы Сыдык уулу, Ишенаалы Арабаевдердин өмүр баяндары, кыргыз эли үчүн өз өмүрлөрүн арнаган өрноктүү эмгектери жөнүндө баяндашып, алардын өз эли үчүн жасаган эмгектери азыркы күндө жана келечекте өлбөс-өчпөс болуп жашай берээрин айтып өтүштү. Ошондой эле баяндамачылар Кыргыз советтик улуттук мамлекетинин түзүлүшүнүн, өнүгүшүнүн жана Эгемендүү Кыргыз мамлекети болуп калыптанышына чейинки этаптарына кеңири токтолушту. Ар бир баяндама плакат-таблицалар менен коштолду.

     Конференцияда “Кыргыз советтик мамлекетинин түзүлүшү” деген темада презентация-слайд көрсөтүлдү. Презентацияны Китепкана-маалымат борборунун директору Р.Т. Култаева тааныштырды. .

     Конференцияда: ЖАМУнун гуманитардык –экономикалык факультетинин Тарых адистигинин 2, 3 – курсунун студенттери: Мырзахалил кызы Гүлмайрам, Орозбекова Айгерим, Бактыбек уулу Назарбай, Тургунбаева Жумагүл, Жусуп уулу Бекзат, Усенова Айпери, Уланбек кызы Эльнура, Нургуль Болотовалардын баяндамалары окурмандардын кызыгуусун жаратты.

Китеп окурмандар конференциясынын катышуучулары китепкана тарабынан уюштурулган «Кыргыз советтик мамлекетинин түзүлүшү» деген темада, 150 дөн ашык китеп жана башка маалымат басылмаларынан турган китеп көргөзмөсү менен таанышышты