Главная arrow Новости  
02.12.2020
Новости БИЦ ЖаГУ

Карысы бардын-ырысы бар

 ЖАМУнун китепкана-маалымат Борборунун кызматкерлери 2018-жылдын 12-0ктябрында “Эл аралык карылар майрамына” карата Жалал-Абад шаарындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жарандар менен жолугушууну уюштурушту.

Университеттин жетекчилиги тарабынан ЖАМУнун китепкана-маалымат Борборунун кызматкерлерине бир улгайган карыядан кабар алуу сунушталган.  Ал, Крылов №29 дарек боюнча жашаган Мусаев Мусахан, 1942-жылы туулган, жалгыз бой жашап келет, Жалал-Абад шаарынын областтык ооруканасында 30 жыл эмгектенген

Жолугушуу учурунда КМБнын башкы китепканачысы жана библиографы Кожоева Ч.Т.  “Карысы бардын-ырысы бар”- демекчи карыларыбыздын ден соолуктары чың, узак өмүр сүрүп, арабызда көп болушу бул биз үчүн абдан керек. Сиздер өз убагында эл-жерибиз үчүн кызмат өтөп келдиңиздер, азыркы күндө өзүңүздөрдүн турмуштук тажрыйбаңыздардан жаштарга кеп- кеңешиңиздерди айтып, туура жолго үндөп келесиздер. Сиздерге колдоо көрсөтүп, жардам берүү, бул биздин бирден-бир милдетибиз болуп саналат” - деп белгиледи.


Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги
китеп окурмандар конференциясы


2015-жылдын 26- февралында, ЖАМУнун АТФнын корпусундагы китепкананын окуу залында Кара - Кыргыз автономиялуу областынын (ККАО) РСФСРдын курамына киргендигинин 90 жылдыгына карата «Кыргыз советтик мамлекетинин түзүлүшү» деген темада, ЖАМУнун китепкана-маалымат борбору тарабынан уюштурулган китеп окурмандар конференциясы болуп өттү.

 

Продолжение...
 


 

Борбордук  Азиядагы  Америка  университети –
 Жалал-Абад мамлекеттик  университетине!

2015-жылдын  5-февралында  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин китепканасынын  окуу  залында  Борбордук  Азиядагы Америка  университетинин  Президентинин  кеңешчиси  Динара  Орозбаеванын  жетекчилиги  астында келген  делегациялар  менен  ЖАМУнун  профессордук- окутуучулар курамы, китепкана кызматкерлери  жана филология факультетинин англис  тили  адистигинин  студенттери, менен  жолугушуу  болуп  өттү. 


Продолжение...
 


 

Уважаемые пользователи!!!

В рамках проекта КИРЛИБНЕТ в КГТУ с17 по 21 июля 2007 года будет организован тренинг для сотрудников библиотеки ЖАГУ, ИГУ и КГТУ.

Продолжение...